Биз менен байланышыңыз

Кошоев: Системалуу иштеген компания үчүн инвестор табуу оңой

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 692 | 0

Системалуу иштеген компания үчүн инвестор табуу оңой. Мындай пикирин «Grand Trade Bishkek» ишканасынын негиздөөчүсү Максат Кошоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан инвестиция тартуу багытында Орто Азия мамлекеттерине салыштырмалуу жакшы абалда, бирок жетиштүү эмес. Мамлекет жеке ишкерлер менен чогуу иш алып барышы керек.

Бизести өнүктүрүү багытында эл аралык донор уюмдардын жардамын колдонгон жакшы. Анткени, алардын талаптары өтө оор эмес.

Кошоев мындан сырткары «Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму ишкерлерге зор мотивация бергенин белгилеп, ЖИА мамлекеттик деңгээлде ири иш алып барганын айтып өттү. Ошондой эле, ишкерлерди ЖИА уюштуруп жаткан иш-чараларга катышууга үндөдү.

«ЖИА ишкерлерди чогултуп, дүйнөлүк тренддерди жакындан таануу багытында иш сапарларды, ири бизнес форумдарды уюштурууда», — дейт Кошоев.

Copyright © 2017 Maral FM