Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков Азербайжандын ТИМ башчысын Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 573 | 0

Бүгүн, 6-февралда Баку шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Министрлер эки өлкөнүн Президенттеринин 2019-жылдын октябрында Баку шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн ишке ашырылуусунун жүрүшүн, ошондой эле, Айдарбековдун Азербайжандын президенти Илхом Алиев менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктарын жана анын Кыргызстанга боло турган биринчи расмий сапарын даярдоо маселелерин талкуулашты.

Айдарбеков азербайжан ишкерлерин Кыргызстандын рыногунан күтө турганын белгилеп, Бишкекте биргелешкен бизнес-форумду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Тараптар региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду колдоп турууну макулдашышты.

Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын ТИМ башчысын Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM