Биз менен байланышыңыз

Президент Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 317 | 0

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи.

Элчи Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Гидаят Оруджев Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейерине ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM