Биз менен байланышыңыз

Эртең жылдын эң ири «Bishkek Investment Forum» ишкер форуму өтөт

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 1306 | 0

Эртең, 11-октябрь күнү «Bishkek Investment Forum» (BIF) — жолугушуу өтөт. Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум болуп саналат.

Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышат. Жалпысынан 1500 катышуучу күтүлүүдө. Форумга билет баасы: 1000 сом. Иш-чара «Дасмия» этно-комплексинде өтөт. Суроолор боюнча 0552138833 номуруна кайрылууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM