Биз менен байланышыңыз

Өмүралиев: Ишкана өнүгүү стратегиясын кардардын күтүүлөрүнө жараша түзүшү керек

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 570 | 0

Ар бир ишкана өнүгүү стратегиясын кардардын күтүүлөрүнө жараша түзүшү керек. Бул тууралуу «Экопродукт Азия» ЖЧКсынын башкы директору Дастан Өмүралиев Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, бизнес узак мөөнөттүү болушу үчүн сапат сөзсүз түрдө биринчи орунга чыгышы керек.

Технологиялар менен иштөө — бизнестин күнүмдүк жумушу. Өлкөнүн эң маанилүү активи — адамдык капитал.

«Бардык технологиялар кымбат эмес. Аң-сезимди өзгөртүү зарыл. Эң арзан технология, чечимерди тандап алып, эң сапатсыз өндүрүмдү чыгарабыз. Бул туура эмес. Мындан сырткары, жаңы идеяларды киргизүү үчүн эң оболу жамаатта пикирлеш, санаалаштарды табам. Мындан сырткары, биз бири-бирибизден жаап-жашырган менталитеттен арылалы», — дейт Өмүралиев.

Өмүралиев ишкерлерди технологияларды күн сайын колдонууга жана тажрыйба алмашууну адатка айландырууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM