Биз менен байланышыңыз

Президент Түркия элине кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 673 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM