Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 150 бейтап Түркияда акысыз дарылана алат. Шарттары

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 630 | 0

Кыргыз Ѳкмѳтү менен Түркия Ѳкмѳтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ макулдашуусуна  ылайык, Түркияга 150 кыргыз бейтаптын акысыз дарыланууга келүү шарттары төмөндөгүдөй:

  1. 50 кыргыз бейтап дарыгердин медициналык көрсөтмөлөрүнүн негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, тиешелүү комиссиянын жыйынтыгы менен Түркияга дарыланууга келе алышат.
  2. Ошондой эле Түркиянын Бишкек шаарындагы элчилигинин чечими менен 100 кыргыз бейтап-жараны Түркияга дарыланууга келе алышат. 2020-жылдан баштап баардыгы 150 бейтаптын келүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар.
  3. Квотага кирбеген бейтаптар макулдашуунун негизинде Түркиянын аймагындагы ооруканаларга өз алдынча келип, акысыз дарылана алышпайт.
  4. Түркияга операцияга, же болбосо дарыланууга келе турган бейтаптардын англис тилине которулган тийиштүү документтери Түркия Саламаттыкты  сактоо  министрлигине интернет аркылуу жиберилет.
  5. Ѳз кезегинде, Түркия Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз бейтап-жарандары боюнча макулдугун берген соӊ, алардын аты-жѳнүн, диагноздорун камтыган материалдарды Түркиянын аймагындагы ооруканалар катталган порталга жүктѳйт. Ал эми ооруканалар, ѳз ыктыяры менен бейтаптарды дарылоого, же болбосо операция жасоого сунуштарын киргизишет.
  6. Ар жылы бѳлүнүп бериле турган квота 1 жылга гана жарактуу.
  7. Түркияга келген бейтаптардын жол киреге, котормочуга, кошумча тамак-ашка жана коштоочу адамдын жатаканасына кеткен чыгымдары ѳз эсебинен каржыланат.

2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Түркия Ѳкмѳтү менен Кыргыз Ѳкмѳтүнүн ортосундагы Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жѳнүндѳ макулдашууга кошумча болгон 2019-жылдын 20-майындагы Женева шаарында кол коюлган кошумча протоколдун негизинде, кыргызстандык бейтап-жарандар үчүн бөлүнүүчү квотанын саны 100дѳн 150гө чейин көбөйгѳн.

Copyright © 2017 Maral FM