Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевдин келүүсүн талап кылышты

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 582 | 0

Бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү кароо, өлкөдөгү эпидемиялык абал жана даярдыктар боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жыйынга келип, маалымат берүүсүн талап кылышты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында сунуш киргизмей болушкан.

Бирок комитеттин чечими бүгүнкү Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилген эмес.

Бул сунуш өткөн аптада да ушул комитетте көтөрүлгөн. Депутаттар: «Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү кызмат ордуна ылайык келбейт», — деп өкмөткө сунуш жолдошкон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM