Connect with us

Министр: дары-дармектерди кымбаттаткандардын тизмеси түзүлдү

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 648 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-июлда, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министри өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Бейтаптарды кабыл алуу жана жайгаштыруу алгоритмин зарылдыгына жараша ийкемдүү өзгөртүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырды.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Президент дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын тартыштыгына жана баасын жасалма жогорулатууга жол бербөө максатында рынокту көзөмөлдөөнүн маанисин белгиледи.

«Мындай нерселер жазасыз калбашы керек. Бул багытта Финансы полициясы иш алып барууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы ар дайым мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды ыкчам берип турууга милдеттүү», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал белгилегендей, дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилип турушу керек, ал эми медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу жана анын сапаты министрдин көзөмөлүндө болушу керек.

«Азыр прессада, социалдык тармактарда, эл арасында дарыгерлердин көйгөйлөрү активдүү талкууланууда. Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек. Медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз», — деп жыйынтыктады Жээнбеков.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жогорку окуу жайлардын ректорлору менен макулдашуу боюнча, медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенттери ишке тартылганын, дагы 30 студент тез жардам кызматтарынын ишине тартылганын маалымдады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн 4 стационардык борбордо 700 кошумча орундуктар уюштурулуп, ага 3 дарыгер жана 6 медайым жөнөтүлөт.

Мындан сырткары, пилоттук долбоордун алкагында коронавирусу бар бейтаптар үчүн атайын адистештирилген жерлерде бош орундуктардын эсеби жүргүзүлүп, бардык ооруканалардан келип түшкөн маалыматтар бирдиктүү базага киргизилет.

Министр рыноктун анализи жүргүзүлүп, дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдады. Тизме Республикалык штабга жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM