Биз менен байланышыңыз

Президент: Мектеп ачылган соң ата-эне да жоопкерчиликтүү болушу керек

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 624 | 0

Мектептер иштегенден кийин бул жерде мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

-Ата-эне, мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып атышат, кыйналып атышат. Ошондуктан 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин колдоп бердик. 

Бирок ошого карабастан, Сооронбай Жээнбеков илдетти жуктуруу коркунучу дагы эле жогору экендигин кошумчалады.

-Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган жооптуу учур келди. Бардыгы жоопкерчиликти алыш керек. Бардык эреже, нормаларды сактоо менен, балдарыбызга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырам. Балдарыбыз бала да. Бала кээде унутуп коёт, ойнойт. Биздей жоопкерчиликтүү мамиле кыла албайт. Ошон үчүн балдарыбызга дагы эрежени үйрөтүшүбүз керек, — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт. Ал үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштайт

Copyright © 2017 Maral FM