Биз менен байланышыңыз

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштайт

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 4411 | 0

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин салттуу түрдө жүргүзүү үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты.

Ага ылайык, билим берүү уюмдарында мугалимдердин дене табы өлчөнүп турат жана беткап режими сакталышы керек.

Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтурулуп турушу шарт.

Мектептер балдар келгенге чейин дезинфекцияланышы зарыл. Бирок дезинфекциялоодо пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

Ошондой эле билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсү, класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусу көзөмөлдөнөт.

Муну менен катар окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Окуучулар класстарда аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Окуучуларга, ата-энелерге, мектеп кызматкерлерине өздүк гигиенаны сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген жүгүртмөгө(расписание) ылайык, кадимки режимде окуу процесси уюштурулат.

Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү жүгүртмө боюнча (мисалы: сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта, 1-2-класстарда сабактын башталышы 08.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да ж.б.), 500гѳ чейин болсо, кезектешүү (сменалык) негизде (мисалы, 1,2,3- класстар – 1-кезметте 4,5,6-класстар 2-кезметте окушат.

Ашканада тамактануу процесси да кезек-кезек менен уюштурулат.

Отурумда мындан тышкары, тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мектептердин жылытуу маселесине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди.

Министрлик окуучулардын каникулу боюнча тактоо киргизди

 

 

Copyright © 2017 Maral FM