Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Коронавируска байланыштуу айрым класстар карантинге жабылды

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 658 | 0

Бишкекте айрым мектептерде коронавирус аныкталгандагына байланыштуу айрым класстар карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Райондор боюнча алганда төмөнкү мектептерде айрым класстар жабылган:

— Биринчи май районунда №48 мектепте бир класс, №70 мектепте бир класс;

— Ленин районунда №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

— Свердлов районунда №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 мектепте бир класс, №66 мектепте бир класс карантинге жабылган.

Белгилей кетсек, бекитилген иш-чаралардын алгоритмине ылайык, бардык мектептерде Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругу бар, анда ооруган учурлар катталган.

Эгер мектеп окуучулары ооруп калган болсо, анда аны мектепке жибербөө керек. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн карантинине ылайык, мектеп окуучусу же мектепке чейинки бала дагы коронавирустун алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM