Биз менен байланышыңыз

Баткенде окуучулардын массалык мушташынан төрт бала жабыркады

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1260 | 0

Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын массалык мушташы боюнча окуяны, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Облус жетекчиси бул окуя боюнча орун басары Эрлан Сапарбаевге атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын дыкат иликтөөнү тапшырды.

Кечээ, 15-апрелде саат 13:30дар чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-класстарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Төртөөнүн тең абалы канааттандыраарлык.

Copyright © 2017 Maral FM