Биз менен байланышыңыз

«Китеп окуу сынагында окуучулар да баш байге алган учурлар көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2020 | 740 | 0

Китеп окуу сынагында окуучулар да баш байге алган учурлар көп. Бул тууралуу «Оку!» долбоорунун негиздөөчүсү Сейитбек Идирисов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сынактарда эч ким ойлобогондой жыйынтыктар чыгат. Маселен, миңден ашык окурман катышкан быйылкы «Кыргыз жан дүйнөсү» китеби боюнча сынакта байгелүү орундардын көпчүлүгүн мектеп окуучулары алды.

2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча китеп окуу сынагында I орунду Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу алган.

«Ак кеме» повести боюнча 5 миңден ашык окурман катышкан сынакта Айтматов таануучумун, адабиятчымын дегендерди ат чабым артка таштап, Нарын облусундагы айылдардын биринен келген 8-класстын окуучусу биринчиликти багындырган.

Ал эми «Манас» эпосу боюнча сынакка 7 миңдей адам катышып, анын ичинен бухгалтер айым баш байгеге ээ болгон. Бир да манасчы, манас таануучу байгелүү орунга жеткен эмес.

Идирисов аталган сынактарында коомдун кайсы катмары китеп окуп жатканы белгилүү болорун белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM