Биз менен байланышыңыз

№71 мектепте окуучулар аралык сынак болуп өттү

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 686 | 0

Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын окуучуларына уюштурулган «Достуктун баалуугу эмнеде? Досуң менен элдешүүнүн сырлары» темасында эссе жазуу жана «Эркин темада көркөм ыр жазуу» сынактарынын жыйынтыктоочу аземи өттү.

Мекемеден кабарлашкандай, жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.

I орунду ээлеген жеңүүчүлөргө ноутбук жана калган катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага сынактын уюштуруучулары жана демөөрчүлөрү Амана Кубанычбек кызы, акын Акбар Кубанычбеков катышып, окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.

«Жыл сайын окуучуларыбыздын илим-билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырып, өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп келе жаткан иш-чаранын демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM