Биз менен байланышыңыз

Акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Жаш акын жана теле алып баруучу Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Буйрукту Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чыгарган.

Акбар Кубанычбеков Нарын облусунун Ат- Башы районуна караштуу Кара- Суу айылында төрөлгөн. 2015 –жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин артыкчылык менен аяктаган.

Учурда республикалык “Шайыр апалар” теледолбоорунун алып баруучусу, Эл аралык Silk Road мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

Бүгүнкү күндө Акбар Кубанычбековдун калеминен жаралган ырлардын саны 300гө жетип, “Периштенин канаты” жана “Бир күн” китептерин басып чыгарууга жетишти.

Анын ырларын учурда кыргыз эстрадасынын жоон тобунун өкүлдөрү ырдап, эл сүймөнчүгүнө айланды. Алсак, КТРКнын гимни, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мурас” ыры, пандемия шартында жарык көргөн “Адамга адам керек” жана башка белгилүү ырлардын сөзү Акбар Кубанычбековго таандык.

Жаш акын Акбар Кубанычбеков Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси жана КР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бүгүнкү күндө ал чыгармачылык иштерден сырткары коомдук иштерге активдүү катышуу менен бирге, чет өлкөлөрдө да поэзия кечелерин уюштуруп, окуучулар менен белгилүү инсандар ортосунда жолугушуу кечелерин байма- бай өткөрүп келет.

Ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM