Биз менен байланышыңыз

Акбар Кубанычбеков: Чикаго, Германияда поэзия кечем өттү

Ди-джейлер , Көңүл ачуу | 29 Дек 2019 | 797 | 0

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү, кыргыздын таланттуу, жаш акындарынын катарын толуктаган, көптөгөн популярдуу ырларга сөз жазган Акбар Кубанычбеков “Марал шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, жакшы ырларынан окуп берди.

— Негизи эфирге келээрде даярданасызбы?

— Башка эфирлерден өзгөчөлүгү болсун деген максатта ар бир эфирге даярданам.

— Поэзия дүйнөсүнө аралашып калганыңызга канча жыл болду?

— Мектеп курагымдан баштап эле чиймелеп, ыр жазып баштадым. Өзүм борбордогу мектептен билим алдым. “Мурас” аттуу адабий клуб бар болчу. Мына ошол жерден ыр жазуунун техникасын үйрөтчү. Ал эми  2014-жылдан тарта ырчылар менен иштешип келе жатам.

-Бул өнөр ким тараптан келген?

— Көпчүлүк “Сен шаарда орусча окуп жүрсөң, эмне үчүн кыргыз тилине басым жасайсың” деген сөздөрдү айтып келишет. Мектепке окуганга чейин, Ат-Башыда төрөлүп, жети жашка чейин чоң ата, чоң энелердин колунда өстүм. Борборго келгенимде мугалимдер баа беришкен.

-“Бир күн” аталышындагы китебиңиз тууралуу айтсаңыз?

— Бул китеп 2017-жылы жарык көргөн. Чикаго, Германияга барып поэзия кечесин өткөргөм. Ал эми жакында эле экинчи басылышы чыкты. Элдер жакшы кабыл алышууда. Түркияга барып поэзия кечесин өткөрсөк деген планда бар.

— Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгилик.

Copyright © 2017 Maral FM