Биз менен байланышыңыз

Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси өтөт

Билим-маданият | 22 Янв 2019 | 2469 | 0

Көрүнүктүү жаш  акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси 25-январь күнү борбордогу Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт. Ага акындын өнөрлөш достору, анын ырларына обон салган ырчылар жана башка коноктор келет. Буга байланыштуу биз жаш акын менен кече тууралуу маектештик.

Марал: Алдыдагы чыгармачылык кечеңиз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

Самыйкожо: «Ызгаардагы ыр» аттуу поэзия кечем Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык фонду тарабынан уюштурулуп, өтүп жатат. Максатыбыз менин чыгармачылыгымдагы акыркы он жылдагы жаңылыктарымы элге сунуу болуп саналат. Аталган фонд буга чейин ай сайын поэзия кечесин уюштуруп келип, кезектеги отузунчу кече меники болду.

Марал: Кечеден кандай жаңылыктарды кутсөк болот?

СаймыйкожоАр бир чыгармачыл адам ар дайым жаңылануунун үстүндө иштеши керек. Биз да алдыдагы кечеге бир катар жаңылыктарды киргизгени турабыз. Аларды кечеге келгенде көрөсүздөр. Менин мурунку поэзия кечем он жыл мурда өткөн болчу. Ошондон берки жаңылыктарым менен бөлүшөм, буюрса. 

Марал: Эмнеге «Ызгаардагы ыр»?

Самыйкожо: Жалпак тил менен айтканда, кечем январдын ызгаар күндөрүнө туура келди. Экинчиден жан дүйнөмдөгү ызгаардан келип чыккан ырларым сунулат. Үчүнчүдөн, коомдогу, дүйнөдөгү адамзаттын ызгаардуу абалы чагылдырылат. Бул бир эле аба ырайы менен байланышкан нерсе эмес. Турмуштун, замананын жана жан дүйнөнүн ызгаарын поэзия өчүрүп кетет. Ошол себептен «Ызгаардагы ыр» деп атадык.

Марал: Кеченин коноктору кимдер?

Самыйкожо: Чыгармачылыкта бирге иштешкен досторум, ырларыма обон салып ырдап жүргөн Түмөнбай Колдошев, Элмирбек Иманалиев жана Кубаныч Алиев сыяктуу онөрпоздор катышышат. Мындан сырткары окуучулар жана башка конокторубуз бар. Барыбыз биргеликте поэзия сүйүүчүлөргө жакшы маанай тартуулап, колубуздан келишинче эң мыкты кечени өткөрүүгө аракет кылуудабыз.

Марал: Кеченизге ийгилик. Калемиңиз курчуй берсин. 

Copyright © 2017 Maral FM