Биз менен байланышыңыз

Акын Мирлан Самыйкожонун апасы: Балаңыз тентек деп мектепке албай коюшкан

Коноктор , Кыска кабар | 16 мая 2019 | 75 | 0

Энелер күнүнө карата белгилүү адамдар апасы менен «Марал» радиосунда маек курушту.

Акын Мирлан Самыйкожонун апасы Роза Илясова:

— Уулум үйдүн кичүүсү. Шоктугу дагы эле кала элек. Куудулдугу менен мени чочутуп калат. Мирлан кичинекейинде тентек эле. Кошунабыздын баласы экөө көп тентектик кылды. 1-класста балаңыз тентек деп мектепке албай коюшкан. Абышкамдын башталгыч класстарга сабак берген классташы бар эле, ошого алып бар, «Үч коюп болсо да, эптеп бүтүрүп бер. Окуусун бүтсө тракторист болот», — атып, эптеп мектепке алдырганбыз. 3-класска барганда, мектеп тууралуу ыр жазган экен. Атасы окуп көрүп, «Бул баланы азыр чыгарбаш керек, бул менден да кыйын болот. Көз тийип кетпесин», — деди. Ошол бойдон көпкө чейин элге чыгарбай жүрдүк. Мирлан 6-класс болгондо, абышкам каза болуп калды. Ошол кезде кошок жазып берсем, Мирлан «алтынды» деген сөздү айтпа деди. Көрсө уулум кичинекей кезинде эле баарына маани берчү экен. Бирөө: «Роза эже балаңыз жакшы окуйт экен», — таң калгам. Оюмда: «Тентек неме сабакты деле кыйратып окубаса керек», — деп жүрчүмүн да… Бала кезинде милиция болом дечү. Ар кайсы жерге жашынып, аткылап ойногонду жакшы көрчү эле…  

Мага арнаган биринчи ырын студент кезинде жазды. Күн бою ошол ырды окуп, сыймыктанып жүрдүм. Бир күнү бир таанышыбыз: «Балаң папка көтөрүп жүрөт, акчасы көп экен, мага «тамак алып ичиңиз» деп акча берди», — десе, ишенбей эртеси шаарга жетип бардым, көрсө китеп сатып иштечү экен. Алгачкы жолу сыналгыдан көргөндө анын ырын укпай эле буулгуп ыйлай бериптирмин. Ошондо, «Атасы олуядай айткан турбайбы», — дедим. Алгачкы белеги студент кезинде алып берген көйнөгү болду. Ошол көйнөктү дагы эле аяр сактап, сыйлуу жерлерге барганда кийип жүрөм. Андайын деле көп эле белек берди, бирок, ошол биринчи алып бергени көзгө сүйкүм көрүнөт… Уулум атасын тарткан. А киши да бекем, сырын оңой менен сыртына чыгарбаган жан эле. А, мен болгонун болгондой айтып салам. 

Бир жолу машинада келатсам, жолдо бир кыз менен сүйлөшүп туруптур. Салам-дубага келбей эле, жаактан ары бир чаптым. Кыз-мысын билмек белем, бузулуп кетет деп ойлодум да… 

Мирлан Самыйкожо:

— Кыз менен сүйлөшүп турганда, апам келип каларын күткөн эмесмин. Келип эле мени жаакка чапты. Жанымдагы кыз качкан бойдон жоголду (күлүп). Апам абдан жашык. Ал эми атам кайраттуу киши эле. Оюмдун бир тобуна жетип келе жатам. Мектепте окуп жүргөндө 5 деген баа апама белек болот деп ойлочумун. Кийин күбөлүгүм, аттестатым кызыл болсо экен дедим. Мени журналистикага апам тапшырткан. Апамдын эң чоң тарбиясы: «Атаң айтчу», — дегени болду. Апам күн сайын жумушка бара жатканымда алакан жайып бата берет. Энеден өткөн кайратууу жана чыдамкай адам болбойт экен. Апамдын күчүнө, эркине таң калып, ага түбөлүк таазим кылам. Апамды кээде неберелеринен да кызганып кетем. Үйгө кеч барсам келинчегим эмес, апам тосуп алат. Апам менин кутум, ырысым, дүйнөм, ааламым, жүрөгүм! 

Copyright © 2017 Maral FM