Биз менен байланышыңыз

Президент: Мекенге болгон атуулдук сезим энеге болгон сүйүүдөн башталат

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 1176 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда баардык энелерди Энелер күнү менен куттуктап, өлкөдө азыркы учурда жана келечек турмушта энелердин орду өзгөчө бийик экендигин белгиледи.

Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту. Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. Ар бир бала эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим  энеге болгон сүйүүдөн башталат , — деп айткан өз куттуктоосунда.

Мамлекет башчы ошондой эле энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин айттып, коомдун эртеңкисин, өлкөнүн келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM