Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков кыргызстандыктарды энелер күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 929 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда энелерди чын жүрөктөн куттуктап, аларга урмат көрсөтүп, алардын ысык мээримине, чексиз кайратына таазим кыла турганын айтып, энеден өткөн ыйык түшүнүк жок экендигин баса белгилеген.
«Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын  артында эненин мээрими, насааты жана таалим-тарбиясы турат. Эненин күнүмдүк түйшүгү, аркалаган жүгү — баардык иштен салмактуу  жана жооптуу. Урматтуу энелер! Сиздерге кандай алкыш сөз айтпайлы, кандай гана сый-урмат көрсөтпөйлү, баары теӊ аздык кылат,» -деп билдирген мамлекет башчы өз куттуктоосунда.

Ошондой эле энелерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалап, баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүшүн тилеген.

Copyright © 2017 Maral FM