Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешинин төрагасы энелер күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 869 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков өз куттуктоосунда улуу майрам — энелер күнү менен энелерди куттуктап, апаларга адал мээнет, ак сүтү, алардын сүйүүсү жана камкордугу үчүн чексиз ыраазычылыгын билдирди.

Эне – Жараткандын адамзатка берген эң мыкты тартуусу. Ал биздин тизе бүгүп, башыбызды ийип, таазим этүүбүзгө татыктуу. Бекер жеринен исламда “Бейиш эненин таманы алдында” деп айтылбаган. Бейиштин эшиги энелерди урматтап, сыйлагандардын бардыгы үчүн ачык. Алар маңдайыбызда турганда кадырлап-барктаганды үйрөнөлү, чын жүрөктөн чыккан жакшы сөздөрүбүздү аябайлы«, — деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Төрага ошондой эле ар дайым энелердин акылман кеңештеринеге, камкордугуна жана сүйүүлөрүнө муктаж экендигин айтып, баш ийип таазим эте турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM