Биз менен байланышыңыз

12-апрелде «Үч дүйнө» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү

12-апрель күнү Бишкек шаарынын «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Роза Отунбаеванын Коомдук фондунун демилгеси менен «Үч дүйнө» аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеде Акжол Доранбек уулу, Адилет Зарылбек уулу жана Акбар Кубанычбековдун чыгармалары көркөм окулду. Кечеге аталган акындардан тышкары, театр актрлеру: Эркин Эгембердиев, Нурдөөлөт Копоев, Чыңгыз Мамаев жана эстрада жылдыздары: Мээрим Карыпова, «Таалай элеси» тобу, Александр Волкодав катышышты.

Жаш акындарга Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева колдоо көрсөтүп, өзүнүн каалоо-тилектерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM