Биз менен байланышыңыз

Роза Аманова: Бүгүнкү күндө мамлекет салттуу музыканы коргобой жатат

Билим-маданият | 23 Апр 2019 | 1288 | 0

Өлкөдө 20-апрелден тарта өтүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» долбооруна быйыл он беш жыл толду. Мунун негизинде «Салттуу музыка» коомдук фонду түптөлүп, жыл сайын үзбөй иш-чараларды уюштуруп келет. Быйылкы иш-чараны КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да колдоого алган. Салттуу музыка жумалыгы буга чейин мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп келгенби? Өзгөрүүлөр барбы? Коомду салттуу музыкага тарбиялоо жолго салынуудабы? Бул суроолордун айланасында тиешелүү тараптарга кайрылдык. 

2013-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 25-апрель «Улуттук салттуу музыка күнү» деп жарыяланган. Ошол күндөн тарта жыл сайын «Салттуу музыка жумалыгы» өткөрүлүп келет. Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев аталган иш-чара мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп жатканын белгилейт.

— Аталган жумалык Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынып өтүп жатат. Музыкалык окуу жайларда бул багыт боюнча лекциялар окулуп, жаңыдан музыкага аралашып жаткан жаштарга стимул катарында сабактар өтүлүп, көөдөнүндө бугуп жаткан сезимди ойготууга аракет кылып жатабыз. Мен  иш-чара мамлекеттик деңгээлде өтүп жатат деп айта алам. Он беш жылдын аралыгында канчалаган жаштар салттуу музыка багытында билим алып, манасчылар, комузчулар, дастанчылар көп эле тарбияланды. Бул да болсо, улуттук баалуулуктун өнүгүшү деп айтсак болот.

Анткен менен «Салттуу музыка» фондунун директору Азамат Болгонбаев өлкөдө салттуу музыканы окуткан окуу жайлар аз, жадагалса аталган багыт боюнча факультет да жок экенин белгилейт. Коңшу Казакстанда улуттук салттуу музыка аталышындагы атайын окуу жай бар экенин жана мыкты деңгээлде көңүл буруларын айтып, өлкө жетекчилерине нааразы болду.

— Жеке менин оюмда, салттуу музыка мамлекет тарабынан жетишерлик колдоого алынбай жатат. Бул багытта иш алып барган канчалаган окуу бөлүмдөрү жабылууга тушугууда. Башка өлкөлөрдө атайын салттуу музыка багытында билим берген университеттер бар. А бизде жадагалса, талапка жооп берген факультет да жок. Албетте, бизди мындай көрүнүш ойлондурбай койбойт. Салттуу музыканы колдоо үчүн болгону фонд эле бар. Бирок, бул жетиштүү эмес.

Ушундай эле пикирди исскуство таануу илимдеринин доктору, професссор Роза Аманова да айтып, бүгүнкү күндө мамлекет салттуу музыканы колдобой, унутуп койгондой дейт. Ал аталган иш-чараны мамлекеттик деңгээлде эмес, ар ким өзүнүн колунан келишинче өткөрүп жатканын билдирди.

-Салттуу музыка багытында окуп жаткан жаштарыбызды көкүлүнөн сылап, жүзүнөн сүйүп, колубузга көтөрүп алышыбыз керек. Бирок тилекке каршы, эң жөнөкөй президенттик стипендия да каралган эмес. Окуп жаткан студенттерди кызыктырышыбыз керек эле, колдошубуз керек эле. Биз жактан андай кадамдар өтө аз болуп жатат. Ачык эле айтыш керек, салттуу музыкага мамлекеттин көңүл буруусу начар.

Акын Мирлан Самыйкожонун айтуусунда, коомдо манасчы, дастанчы жана улуттук аспапта кол ойнотуп жаткан жаштар арбын. Мындай жаштарды колдоп, мамлекет тарабынан көңүл бурулушу керек. Коом саясатташып бараткан маалда, жан дүйнө азыгы дал ушул тармак деген ойдо.

— Бүгүнкү күндө коом саясат менен алектенип калганда, салттуу музыка адамга аябагандай керек. Катардагы жаңылыктар менен жуурулушуп кетти деген ойлор кетиши мүмкүн. Бирок, эч качан андай эмес. Жан дүйнөнүн азыгы өзүнүн нугу менен кеткен жана кете берет. Биздин жаштар салттуу музыкага кызыгып окуп, өз өнөрлөрүн дүйнө жүзүнө тартуулап жатат. Бул — чоң чеберчилик деп айтсак болот. Ушундай жаштарды колдоп, коргоп алаканга салып алсак, салттуу музыка жоголот деген маселе ойго да келмек эмес.

Белгилей кетсек, «Салттуу музыка жумалыгы» 25-апрелде аяктайт. Аталган күнү борбордогу «Ала-Тоо» аянтында чоң көргөзмө-жармаңке жана гала-концерт уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM