Биз менен байланышыңыз

Екатеринбург шаарында кыргыздардын поэзия кечеси өттү

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 722 | 0

9-февралда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы китепкана борборунда «Мигранттын кыялы» долбоорунун алкагында «Уралдан кат» поэзия кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Поэзия кечеси Свердлов райондук «Кыргызстан-Урал» коомдук уюму тарабынан Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган.

Иш-чарага Екатеринбург шаарында жашап жана иштеп жүргөн поэзияга жакын кыргыздар катышты.

Башкы консулдуктун өкүлү Нурлан Алымбеков катышуучуларды биринчи адабий кечеси менен куттуктап, таланттуу мекендештерин бөлүп көрсөтүп, мындай маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууга үндөдү, ошондой эле Урал аймагында иштеген кыргыз акындарынын ырлар жыйнагын чыгарууну сунуш кылды.

Кечеде түбөлүк темаларга — сүйүүгө, достукка, жашоонун маанисине, Мекенге, адам табиятына арналган автордук чыгармалар окулду.

Copyright © 2017 Maral FM