Биз менен байланышыңыз

Орусия курулуш иштери үчүн мигранттардын кирүүсүнө уруксат берет

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 1227 | 0

Орусияда курулуш иштеринин эң көйгөлүү маселеси жумушчу күчүнүн жетишсиздиги болууда. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер-министр Марат Хуснуллин айтканын «Российская газета» сайты жазды.

«Курулушта көбүнчө мигранттар иштейт. Чектөөлөр киргизилген соң, алардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кетишкен, кайра кайта албай жатышат. Ошондуктан бизде эмгек ресурсунун жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратууда», — дейт Хуснуллин.

Ал көпчүлүк бийликке кайрылып, мигранттар үчүн чек араны ачууну суранып жатышканын, бирок коронавируска байланыштуу абал турукташа электигинен улам азырынча тобокелчиликке бара албай турганын белгиледи.

Ошондой эле, бийлик жок дегенде муктаждык жаралган ишканаларга мигранттарды кабыл алууга уруксат берүү маселесин карап жатканын кошумчалады.

«Бул жаатта тажрыйбабыз бар. Эмгек ресурсу таңкыс болгон райондорго, жумушчуларга муктаж болуп турган курулуш иштерине мигранттарды тартканбыз. Карантин уюштуруп, эрежелерди толугу менен сактаганбыз. Текшерүүлөр, жалпы анализдер — жумуш берүүчүлөр тарабынан каржыланган. Ошондой шартта мигранттарды өлкөгө киргизгенбиз».

Хуснуллин коронавируска карабастан мамлекеттик колдоонун аркасында курулуш иштери күч алганын, ал эми иштей турган адам саны жетишпей жатканын жана бул маселе ишти аябай аксатып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM