Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 554 | 0

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы, анын ичинде аймактар аралык байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов эки өлкөнүн ар тараптуу өнөктөштүгү өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, ЕАЭБ алкагындагы байланыштарга жана миграциялык саясат маселелерине да токтолуп, кыргызстандыктардын мыйзамдык укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле жолугушууга катышкан депутат Каныбек Иманалиев илим жана билим берүү багытында тажрыйба алмашуу зарылчылыгына токтолду.

Новосибирск чөлкөмүндө Кыргызстандын 80 миң жараны жашайт.

Кошумчалай кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов, Искендер Матраимовдор бар.

Copyright © 2017 Maral FM