Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырды

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 1682 | 0

Жогорку Кеңешке өткөн жылдын 29-декабрында төрага болгон Талант Мамытовдун бүгүн кызматын өз каалоосу менен тапшырды.

Ал өз кайрылуусунда парламентти башкарып турган учурунда өлкө үчүн бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал парламентте жакында маанилүү окуя болгондугун белгилеп, ошол күнү эле арызын жазып Баткенге кетүүнү чечкен.

Бүгүнкү кызматтан кетүү чечимин жеке өзү кабыл алгандыгын белгиледи.

Ушул жылдын 1-сентябрында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сыйланган.

Сыйлык депутатка өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген.

Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдык-укуктук актыларын аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүндө иштөө менен баштаган.

2001-2002-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасынын соттук токтомдордун мыйзамга дал келишин көзөмөлдөө бөлүмүндө кызматкер, 2002-2004-жылдары Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү, 2004-2005-жылдары Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, 2005-2006-жылдары Башкы прокуратуранын уюштурууну камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүндө кызматкер, 2006-жылы Ысык-Ата районунда прокурордун орун басары, 2006-2007-жылдары Сузак районунда прокурордун орун басары, 2007-2009-жылдары Тогуз-Торо районунда прокурор кызматтарын аркалаган.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болгон. 2011-2013 жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

2020-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына, 2021-жылдын 29-декабрында VII чакырылышына төрага болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM