Биз менен байланышыңыз

Москвадагы ишканада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жабыркады

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 2955 | 0

Орусиянын Москва облусундагы ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап түшүп, анын кесепетинен 49 кыргызстандык жабыркады. Алардын төртөөсү оор абалда.

Окуя 27-сентябрь күнү эрте менен “ФМ Лоджистик Сидорово” ишканасында болгон. Кампадагы узундугу 35, бийиктиги 4 метрдик темирден жасалган жөө өтүүчү өтмөк кулап түшкөн. Анын кесепетинен 49 кыргызстандык жабыркаганын “Акипресс” сайты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянып жазды. Аталган ишканада 169 кыргызстандыктын иштейт. Алардын баары – эч кандай камсыздандыруусуз жана мыйзамсыз негизде иштегендер.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор жок.

Ал эми орусиялык «ТАСС» агенттиги бул кырсыктан 39 адам жабыркаганын, алардын көбү кыргызстандыктар экенин жазды.

Азыркы учурда окуя болгон жерде тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM