Биз менен байланышыңыз

Орусия ИИМи мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө калуу мөөнөтүн узартарын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 922 | 0

Орусия ИИМи легалдуу эмес жол менен жүргөн мигранттардын өлкө аймагында калуу мөөнөтүн узартып берет. Бул үчүн чет жактан барган жарандар Орусия ИИМине же элчиликтерге кайрылышы керек. Чет элдик жарандарга карата мындай билдирүүнү Орусиянын ИИМи таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусияга мыйзамсыз кирген башка мамлекеттин жарандары укуктук жагдайын санкциясыз калыбына келтире алышат. Мындай аракет Орусия президентинин жарлыгына ылайык көрүлүүдө.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШ өлкөлөрүнөн Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн 1 миллиондон ашык адамды чыгарып кетүүгө чакырган.

Анын айтымында, июндун ортосуна чейин Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды күч менен чыгарууга мораторий киргизилет. Ошондуктан мигранттар 15-июнга чейин өз ыктыяры менен чыгып кетсе, эч кандай жазага тартылышпайт.

Эгер жарлыкта белгиленгендей, 15-июнга чейин легалдуу эмес мигранттар өлкөдөн чыгып кетпесе, алар күч менен чыгарылат жана чек араларды жабууга чейинки чаралар көрүлөт.

Горовой ИИМдин эсебине ылайык, Орусияда 1 миллиондон ашык мигрант мыйзамсыз жүргөнүн айтты. Алардын көбү — 332 миңден ашууну Өзбекстандын жараны. 2-орунда 247 миң мигрант менен Тажикстан турат. Андан кийин Украина – 152 миң адам, Азербайжан – 120 миң адам, Кыргызстан – 115 миң адам, Армения – 61 миң адам, Молдовия – 56 миң адам жана Казакстан – 49 миң адам жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM