Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы мигрант жаңы мыйзамдар түйшөлтүп жатканын билдирди

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 690 | 0

Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси, мигрант Толкунбай Акматов Орусиядагы жаңы кабыл алынган мыйзамдар мигранттарга оорчулук жаратып жатканын билдирди.

Ал чектөөлөрдү өз жон териси менен сезерин, медициналык кароодон «3 ай сайын өтүп туруу» талабы бардык мигрантты нааразы кылып жатканын, ал көп акча, көп убакыт талап кыларын айтты.

Акматов бул аракеттерди мигранттардын санын азайтуу максатында атайын кабыл алынды деген ойдо.

Мындан сырткары Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин жана тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн көмөгү тийбей жатканын сындады.

«Азыркы элчинин бизге жардам бергенин мен мигрант катары бир да жолу көрүп, сезген жокмун. Миграция кызматынын да эмне иштерди аткарып жатканын түшүнбөй турам. Элдин үнүн уккан адам жок болуп жатат», — деди Акматов.

Ошондой эле ал мамлекетке каражаттын көбү мигранттардан келерин белгилеп, аларга көңүл буруп коюуну суранды.

Эске салсак, Орусияда эмгектенген мигранттар үчүн быйыл 1-январдан тарта жаңы медициналык талаптар киргизилди. Ага ылайык, мындан ары чет өлкөдөн Орусияга барган жарандар ИИМге каттоого туруп, сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын, манжа изин тапшырат, медициналык кароодон өтөт.

Бул мигранттарга оорчулук жаратып, нааразы болгондор көбөйүүдө. Ушул мыйзамдын айынан канчалаган кыргызстандыктар депортацияга тушугуп, «кара тизмеге» киргизилип жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM