Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Тагдыр каармандары» аттуу поэзия кечеси өтөт

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 1171 | 0

29-ноябрда Бишкек шаарында акындардын «Тагдыр каармандары» аталыштагы поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду билдирди.

Белгилүү акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиев, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун, Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын Исаеванын поэзия кечеси болот.

Иш-чара Майыптардын эл аралык күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулуп жатат.

Белгилей кетсек, фонд поэзия кечелерин өткөрүүнү салтка айлантып, акындарга чыгармачылыгын тартуулаганы шарт түзүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM