Биз менен байланышыңыз

Ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды

Ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Азиз Батыров  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин консерваториясын аяктап, эмгек жолун улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, «Түрк дүйнө» аттуу оркестринин солисти болуу менен баштаган. Ошондой эле университеттин кесиптик жогорку мектебинде студенттерге «Музыканын методдору» сабагын, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Көркөм өнөр факультетинин Музыка кафедрасында салттуу музыка бөлүмүндө Дастан айтуудан сабак берген.

2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн «Улуттар аралык музыка» фестивалында «Алтын үн» байгесин жеңип алган.

2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан «Алтын үн» сынагында баш байгени багындырган.

Учурда Бишкек шаарындагы №7 музыкалык мектебинде иштеп, Ишеналы Арабаев атындагы университетте аспирантурада окуп жатат.

Ошондой эле 2012-жылдан ушул күнгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде дастан айтуу боюнча сабак берип келет.

Бүгүнкү күндө ырчы Азиз Батыров 300дөй жеткинчектен турган «Ынтымак» тобуна дастан, терме жана санат ырларын үйрөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM