Биз менен байланышыңыз

Калемгерлер үчүн балдар адабияты боюнча сынак жарыяланды

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 842 | 0

«РухЭш» сайты Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган балдар адабиятын өнүктүрүү багытында жаңы конкурс жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Конкурс «Ою жатык, тили жетик муун үчүн» деп аталат. Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул конкурс президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы аттуу Жарлыгына ылайык уюшулду.

Конкурстун шарттары:

Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. Чыгармалар балдарга ынанымдуу, балдар үчүн ийкемдүү тилде жазылууга тийиш.

Балдар үчүн жазылган жомок, аңгеме, ыр жана тамсил түрүндөгү чыгармалар ruhospurum@gmail.com дареги аркылуу конкурс жарыяланган күндөн тарта кабыл алынат. Байге фонду – 100 миң сом.

  • 1-орун – 50 000 (элүү миң) сом;
  • 2-орун –30 000 (отуз миң) сом;
  • 3-орун – 20 (жыйырма миң) сом

Эки орунга кызыктыруучу байге – 5000 (беш миң) сомдон.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 25-августка чейин улантылат. Жеңүүчүлөрдүн байгесин тапшыруу аземи ушул жылдын жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү тапшырылат.

Copyright © 2017 Maral FM