Биз менен байланышыңыз

«Бизнес-караван» борбордогу ишкерлер менен аймактагы ишкерлерди байланыштырган аянтча (фото)

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 654 | 0

11-мартта Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу курулуш жана курулуш материалдары багытында «Бизнес-караван» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чарага Бишкек шаарынан курулуш жана курулуш материалдары менен иш алып барган 19 ири компания, Жалал-Абад шаарынан 150 ишкер катышты.

Иш-чаранын өзгөчөлүгү:

  • Бишкек шаарынын ишкерлери менен аймактагы ишкерлердин байланышын чыңдоо;
  • Жаңы бизнес түзүмдөрүн ачуу;
  • Натыйжалуу өнөктөштүк үчүн бизнес-нетворкинг түзүү;
  • Тажрыйба жана байланыш арттырууну күчөтүү.

«Бизнес-караван» деген эмне?

«Бизнес-караван» — жыл сайын JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан жыл ар кайсы аймактарда уюштурулуп келген салттуу иш-чара. Иш-чаранын өзгөчөлүгү — көпчүлүк жолугушуулар аймактардагы ишкерлерди борборго алып келсе, бул ирет борбордогу ишкерлердин аймактарга барып, өнөктөш, кардар табуусун, байланышты чыңдап, тажрыйба алмашуусун көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM