Биз менен байланышыңыз

ЖИА жаш ишкерлерди JIGER 2021 форумуна чакырат

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 784 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясы 7-октябрда саат 15:00дө «Новотел» мейманканасында жаш ишкерлерди бириктирүү максатында JIGER 2021 жаш ишкерлер форумун өткөрөт. Бул тууралуу ассоциациядан кабарлашты.

Форумдун негизги максаты-өлкөдөгү жаш ишкерлерди бириктирүү, жаңы инновацияларга жана дүйнөлүк жаңыланууларга мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат. Дагы бир максаты жаш ишкерлердин имиджин бекемдөө жана учурдагы жана келечектеги бизнес чөйрөлөрүн талдоо.

JIGER 2021 форумунда бизнесин нөлдөн баштаган креативдүү жана ийгиликтүү ишкерлер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Иш -чарага элчиликтердин, эл аралык уюмдардын жана башка ассоциациялардын өкүлдөрү катышат.

Катышуу үчүн байланыш телефону: 0779 89 53 62, 0505 89 53 62.

Copyright © 2017 Maral FM