Connect with us

Пакыров: «Жашыл экономикалуу» алдыңкы өлкө болуп, инвестор тартсак болот (видео)

Блог , Маек , Экономика | 10 Дек 2021 | 5889 | 0

Бүгүн Бишкекте жашыл технологиялардын жана чечимдердин Green EXPO-2021 көргөзмөсү жана Жашыл экономика форуму өтүүдө. Иш-чара салттуу «жашыл экономика» жумалыгынын алкагында уюштурулган. Кыргызстандын рыногунда кандай «жашыл» технологиялар бар экенин жана чечимдер керектигин, «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө болгон тоскоолдуктарды жана анын чечүү жолдорун, жеке сектордун туруктуу өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ЖИАнын директору Фаркат Пакыров менен маек курдук. 

— ЖИА ишкерлер бирикмеси жашыл экономика тармагында иш алып барууда кандай шарттарды түзүп берүүгө даярсыздар? Бул тармакта иш алып барган жалпы канча ишкерди бириктире алдыңыздар? Жашыл экономикага кызыккан ишкерлердин саны көппү?

— Бүгүн жашыл экономика боюнча форум жана көргөзмө уюштурулуп жатат. Азыр Бишкектин абасы булганыч болуп кетти, электр энергиясы да, сугат суу да тартыш болуп, жылдан жылга маселелер көбөйүп жатат. Бул маселелер бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 10 жылдан бери талкуулап жатат. Ошого жараша «жашыл экономика» концепциясын иштеп чыгышкан. Жашыл экономика — ишкердик экономика, адамга жана табиятка зыяны тийбеши керек. Бул жерде өзүңүздөр деле байкагандай, Кыргызстандагы эң алдыңкы жашыл экономика тармагында иш алып барган, электроунаалар, курулуш тармагы, туризм тармагындагы долбоорлор өздөрүнүн кызматтарын, технологияларын сунуштап көргөзмө өткөрүп жатат. Бул жылкы форумдун өзгөчөлүгү мына ушул болду. Биз мамлекеттик деңгээлде жашыл экономиканы талкуулап жатабыз, бирок Кыргызстанда ишкерлер 10 жыл мурда эле кирип, өз ишмердигин чет өлкөлөрдө да жүргүзүп жатканына биз да таң калдык. Кыргыз ишкерлери бир гана Бишкекте эмес, Өзбекстанда, Казакстанда да бул тармакта ийгиликтүү иш алып барып жатышат. Жашыл экономиканы дагы да батыраак өнүктүрүү үчүн ишкерлерге өзгөрүүлөр, жеңилдетилген каржылоо программалары боюнча маалымат жетпей жатат. Андан сырткары Кыргызстанда курулуш тармагындагы нормалар Советтер Союзунан калганына байланыштуу биз жашыл технологияларды колдоно албай калып жатабыз. Ага мыйзамдарды өзгөртүп, ошол жактан шарт түзүү керек.

Андан сырткары кээде жашыл технологиялар менен салттуу технологиялар бар, мына ошол экөөнүн төлөмдөрү да бирдей болуп калып жатат. А эл аралык тажрыйбада жашыл экономика батыраак өнүксүн деп, ар кандай төлөмдөрдөн бошотуп, жеңилдиктерди берип жатат. Бизге да ошондой жардамдар керек деп форумда айтып жатышат. Байкасак, бул жаатта билим берүү тармагы өзүнчө, мамлекеттик кызматкерлер өзүнчө, эл аралык уюмдар өзүнчө иш алып барып жатышат, бирок бирдиктүү иш жок болгонун көрүүдөбүз. Ошого мындан ары бардык жашыл экономикага катышып жаткан уюмдар биригип, белгилүү приоритеттерди коюп, чогуу иш алып барсак, мындан да батыраак ийгиликке жетип, өнүгүү болот деген ишеничтемин.

— Жашыл технологиялар ишкерлердин иш алып баруусунда кыйынчылык жаратпайбы?

— Негизи кыйынчылык жаратпайт, жашыл экономика — адамга да, табиятка да зыянын тийгизбеген экономика. Мисалы, Кыргызстанда 5 кабаттуу мейманкана бар, анын айлык коммуналдык чыгымына 100 миң сом коросо, жашыл технологияны колдонгондон тарта 20-25 миң сом гана сарптап баштайт. Мындан тышкары табиятка да зыяны жокко эсе. Ушундай тармактагы туризм, өндүрүш, айыл чарба, курулуш тармагында өзүнчө өнүктүрүшүбүз керек. Кыргызстан дүйнөгө табиятыбыз менен таанылган өлкөбүз, биз ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп, жашыл экономика тармагындагы алдыңкы өлкө болобуз деген белги берип, инвесторлордун, туристтердин көңүлүн бурсак болот.

— Ушул тармакта ЖИА ишкерлер бирикмеси кандай иштерди алып барат, ишкерлерге кандай сунуштарыңыздар бар?

— Негизи быйыл бул форумга активдүү катышып жатабыз. Себеби ишкерлердин да маалымат сурап кайрылгандары көп болууда. Ошондуктан негизги стратегиялык багыттарыбыздын бири катары белгилеп иш алып баруудабыз. Азыр эми бул көргөзмө менен форумдун жыйынтыгы боюнча ЖИАнын алдында дагы жашыл экономика, жашыл технология багытында бөлүм ачып, бул тармакта туруктуу иш алып барабыз.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM