Биз менен байланышыңыз

ЖИА бизнес-ассоциациясынын Жалпы жыйыны өтөт

Кыска кабар | 24 Окт 2021 | 352 | 0

Ноябрь айында ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Жалпы жыйыны өтөт. Aталган бирикмеден кабарлашкандай, аталган иш-чара аймактарда жана Бишкек шаарында өз-өзүнчө уюштурулат.

Жыйында соңку 2 жылдагы ишмердүүлүк тууралуу отчет берилип, 2021-2027-жылга карата стратегиялык план кабыл алынат.

Андан тышкары Башкаруу, Регионалдык кеңешинин жана Ревизиондук комиссиянын курамы башынан шайланат.

Эскерте кетсек, Жалпы жыйын ЖИА бизнес-ассоциациясынын эң негизги иш-чарасы болуп саналат жана ар 2 жыл сайын өтүп турат. Бизнес-ассоциацияда жалпысынан 1000ден ашуун ишкер мүчө болуп катталган.

Copyright © 2017 Maral FM