Биз менен байланышыңыз

Жаңы үлгүдөгү жарандык паспортту чыгарууга тендер жарыяланды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 738 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандарына биометрикалык (жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык) паспортторду даярдоо боюнча конкурс жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Сатып алуунун жана конкурстук документация ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилген. Арыздар 2020-жылдын 19-мартында ачылат. Конкурс электрондук формада бир этаптуу ыкмада жарыяланды.

Биометрикалык маалыматтарды камтыган жаңы үлгүдөгү улуттук паспортторду киргизүү — Кыргыз Өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири. Бул трансчекара кылмыштуулугуна, коопсуздукту камсыздоо, жасалма документтерди жасоого бөгөт коюуга багытталат.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бул аракет 2017-жылы башталып, эл аралык стандарттагы eID-карт (чип камтылган ички ID-паспорту) киргизилген.

Жаңы үлгүдөгү паспорт чип орноштурулуп, паспорт ээсинин бардык жеке маалыматтары (санарип сүрөтү жана манжаларынын изи) камтылган.

Жаңы паспортто (чет өлкөгө чыгуучу) анын оригинал экенин жана ээсинин өздүгүн текшерүү өтө жеңил.

Copyright © 2017 Maral FM