Биз менен байланышыңыз

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштады

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 948 | 0

Бүгүн, 27-майда Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын үлгүсүндөгү жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду (e-ЖЖП) тапшыра баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы ээлери шахматчылар: Азиянын үч жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков болду. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык турнирлерге катышуу үчүн жаш спортчуларга паспорт керектелген.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жооп берет. Анын 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар.

Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталган жана бүгүнкү күндө 40 миңге жакын жаран арыз берген. Бүгүнкү күндө алардын 32 миң бирдиги тапшыруу процессинде. Документтерди каттоо жана паспортторду берүү жашаган жерине карабастан бардык калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Өндүрүү убактысы 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Баасы 885 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM