Биз менен байланышыңыз

Дем алыш күндөрү даяр паспортторду алууга болот

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 458 | 0

Калкты тейлөө борбору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү даяр паспортторду берүү үчүн дем алыш күндөрү иштейт.

Жарандардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдында кайрылууларынын жогорулашына байланыштуу 2017-жылкы ID-картасын алууга мурда кайрылган жарандар, даярдоо мөөнөтүнө ылайык, 27-28-ноябрда бардык Калкты тейлөө борбору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторун ала алышат.

Бардык Калкты тейлөө борбору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторду берүү саат 8.00дөн 20.00гө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган күндөрдө даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM