Биз менен байланышыңыз

Түркияга эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 395 | 0

Кыргызстандык кыз Түркияга эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

23-июнда «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармаган.

Бишкек-Стамбул каттамын каттоого алуу учурунда 42 жаштагы Кыргызстандын Г.А. аттуу жараны 44 жаштагы А.Ж. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн.

Текшерүү учурунда паспортту көрсөткөн Г.А. аттуу жаранга таандык эмес экендиги аныкталган. Аталган жаран Түркияга учуп кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгондугун мойнуна алды. Ал буга чейин Түркиянын миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылган.

Тиешелүү иш кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM