Биз менен байланышыңыз

3-майдан жаңы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу башталат

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 765 | 0

Ушул жылдын апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду алууга документтер кабыл алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

3-майдан баштап, 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө аткарылат.

Кыргызстандын биометрикалык паспортун шашылыш түрдө персонификациялоону май айынын аягында киргизүү пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт бөлүмдөрүндө белгиленген тартипте кайрылууга чакырат.

Жаңы жарандык паспорттордун болжолдуу баасы айтылды

Copyright © 2017 Maral FM