Биз менен байланышыңыз

Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 639 | 0

Кыргызстандык жаран Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Манас аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалган.

Бишкек-Стамбул каттамын каттоого алуу учурунда 1987-жылы туулган Кыргызстандын М.Г. аттуу жараны 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн.

Текшерүү учурунда паспорт Б.А. аттуу жаранга таандык эмес экени аныкталган. Аталган жаран Түркияга учуп кетүү үчүн башка жарандын паспортун колдонгон.

Тиешелүү иш кагаздар толтурулгандан кийин кармалган жаран териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM