Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жогорку жетекчилиги тогуз айда 96 млн сомго учушкан

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 882 | 0

Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин 9 ай ичинде (1-январдан 10-сентябрга чейин) авиабилеттерге кеткен чыгымы 96 млн сомдон ашты. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 млн сомго көп. Бул тууралуу OsOO.kg порталы жазып чыкты.

Берилген маалыматка ылайык, рейстерди «Эйр Кей Джи Авиакомпаниясы» аткарган. Литердик рейстерди президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдоно алат.

«Эйр Кей Джи Авиакомпания» жоопкерчилиги чектелген коому 17 кишиге чейин болгон ЯК-40 VIP учагы менен чартердик рейстерди аткарат, ошондой эле Ту-154М учагы менен Кыргызстандын расмий делегацияларын ташыйт. «Эйр Кей Джи Авиакомпаниясынын» негиздөөчүсү –  «Манас» эл аралык аэропорту болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM