Биз менен байланышыңыз

Украинадагы авиакатастрофадан 25 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 718 | 0

Кечээ, 25-сентябрь Украинада машыгуу маалында учак кулады. Анда экипаж мүчөлөрү жана Иван Кожедуба атындагы Харьков университетинин курсанттары, жалпысынан 27 адам болгон. Маалыматтарга ылайык, эки студент учактан секирип үлгүргөн, алар азыр ооруканада жатат.

Украинанын куткаруу кызматкерлери 25 адам каза болгонун айтып, бүгүн таңга жуук дагы 3 курсанттын денесин таап, ишин токтотконун билдирди. Ан-26 учагы Харьков облусунун Чугуев шаарына жакын жерде кырсыктаган.

Copyright © 2017 Maral FM