Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 640 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Ивановка айылы) Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) жеринде каза болуп жана 3 адам жабыркаган (2 аял, 1 эркек,).

Учурдп каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин Токмок шаардык бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми каза болгон адамдарды куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы алып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM