Биз менен байланышыңыз

Түптө ак жаандан улам үйлөрдүн короосун сел каптады

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 538 | 0

Ысык-Көлдүн Түп районунда 24-август күнү саат 18:10дор чамасында ак жаандан улам каналдын суусу ташып, үйлөрдүн короолорун каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шаты айылында Супатай арыкка суу батпай, үйлөрдүн короолорун каптап, ички жолдорду жууп кеткен. Ал эми Балбай айылындагы мүрзөнү суу баскан.

Учурда суу тартылып, коркунуч жок. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү.

Тазалоо жана оңдоо улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM