Биз менен байланышыңыз

Ош-Бишкек жолунда жол кырсыгынан 9 адам каза болду

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 606 | 0

Бүгүн, 23-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар кагышты. Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала) каза болуп, 1 эркек жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM