Биз менен байланышыңыз

Жеңил унаа сайга кулап, эки жаран каза болду

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 480 | 0

29-ноябрда Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга кулап, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракат алышкан.

Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын сөөгүн туугандары алып кеткен.

Куткаруучулар унааны сайдан чыгарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM